Menu

КР Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына байланыштуу куттуктоосу

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарды куттуктады.

Төмөндө куттуктоо сөзү:

«Урматтуу мекендештер!

Кыргыздан тарыхый улуу бурулуш кезеңде, сынаакы мезгилде улут тагдырына күйө билген, өз журтун жандан артык сүйө билген Барсбек, Мукамбет-кыргыз (Тагай бий), Ормон, Кубат бий, Алымбек датка, Жусуп Абдыракманов, Абдыкерим Сыдыков сындуу журтбашылар чыккан. Мына ошондой улуу адамдарыбыздын катарында Исхак Раззаков атабыз да бар.

Мына бүгүн көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер, кыргыздын чыгаан инсаны Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленип жатат. Баарыңыздарды бул улуу даталуу күн — Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы менен чын ниетимен куттуктаймын!

Бул биз үчүн маанилүү дата. Исхак Раззаковдун Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн бекемделишине орду зор.

Исхак Разаков Кыргызстандын экономикасынын жана маданиятынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон.

Исхак Раззаков социалисттик чарбанын, пландоо тармагынын мыкты адиси болгон.

Ошол мезгилде республиканын өнөр жай өндүрүшүндө иштей билген кадрлар зарыл болуп турган. Бирок тилекке каршы ал мезгилде андай кадрларды даярдоочу окуу жайлар Кыргызстанда жок болчу. Баары Москва же башка борбордук окуу жайлардан билим алып келишкен. Анын кадрлардын жетишсиздигин жоюу аракети менен борбордук окуу жайларында улуттук кадрларга арналган атайын квота маселеси чечилген, республиканын өзүндө илимий мекемелер, тийиштүү жогорку окуу жайлар ачылган. Мына ошондон тарта өнөр жай тармагындагы тиешелүү кадрдык таңкыстык чечилип, колго алынган.

Исхак Раззаковдун өлкөнүн экономикалык турмушундагы, маданиятты өнүктүрүү жаатындагы иштери дагы тарых бетинде калды. Анын тушунда жогорку жана орто окуу жайлары арбын ачылган, эне тилибизге — кыргыз тилине мамлекеттик деңгээлде көңүл бөлүнгөн, окуучуларга ысык тамак берүү уюштуруу маселеси каралган.

Ошентип Исхак Разаков кадр маселесине, билим берүүгө абдан чоң маани берген. Мына ушундай иш-аракеттеринен эле анын чыныгы мекенчил болгондугу таасын көрүнүп турат.

Кыргызстан союздук республика катарына кошулгандан кийин республиканын биринчи катчылыгына кыргыз улутундагы жетекчинин шайланышы дал ушул Исхак Разаковдун шайланышы менен башталган.

Исхак атабыздын Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн акылын азык кылып, каруусун казык кылып, өзүнүн жалпы улуттук деңгээлдеги чыгаан инсан экендигин таасын көрсөтө алган.

Азыр мен Исхак Разаковдун өз Мекени үчүн жасаган эбегейсиз эмгектеринин бир азына гана токтолуп отурам. Анын өз мезгилинде Кыргызстандын өсүп өнүгүүсүнө кошкон салымын талдап, чечмелеп айта берсе сөз түгөнбөйт. Бул азыркы илимпоздорунун колго алчу иштеринин бири.

Исхак Раззаков эл үчүн ак эмгегин арнаган, адилеттиктен тайбай, акыйкат иши менен жеке эле Кыргызстанга эмес, коңшу республикаларга да жакшы таанылган улуу инсан. Анын басып өткөн жолу — кыргыз элине, жалпы журтубузга үлгү.

Анын адамдык бийик касиети менен лидердик сапаты ар дайым бааланып келет жана бүгүнкү күндө дагы өлкө үчүн эң актуалдуу болуп турган чак.

Бул улуу инсандын „Сен таза болсоң, мен таза болсом коом да таза болот!“ деп айткан сөзү бүгүнкү күндө дагы өз салмагын жоготпой, учурдун талабы болуп турат. Мен да бул улуу инсандын жолун жолдоп, элимдин, өлкөмдүн келечеги үчүн ак эмгегим менен таза иштеп берейин деп келдим. Менин максатым — Кыргызстанды коррупциядан арылтып, жакынкы келечекте анын гүлдөп-өсүшүн камсыз кылуу.

Кантсе да, биз жаңы доорду, өзгөрүлүп жаткан заманды баштан кечирип жатабыз. Заман өзгөрүүдө, заманага жараша элибиз да өз турмушун өзгөртүүнүн үстүндө. Ал көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү берүү менен бирге, жаңы милдеттерди, жаңы талаптарды коюп жатат.

Андыктан, Исхак Разаков сыяктуу улуулардын урпактар үчүн өтөгөн ак кызматын өзүбүздүн иштиктүү аракетибиз, атуулдук аретибиз, сергек акыл-эсибиз аркылуу актоого тийишпиз.

Анын ташка тамга баскандай айтып кеткен учкул сөздөрүн бүгүн да туу тутуп, келечеги кең өлкөбүз — Кыргызстаныбыз үчүн таза иштеп берүүгө сөз беребиз.

Бул улуу инсандын жашап өткөн өмүр жолу бизге — баарыбызга чоң күч-кубат берет деп ишенемин. Исхак атабыздын бизге багыт берчү сөздөрү баарыбызга дем берип, ар дайым эсибизде болсун. Исхак атабыздын жолун улайлы, бар бололу — бир бололу!»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: