Menu

Фото – Садыр Жапаров Кочкорго кийип барган жаңы Moorer курткасынын баасы 3199 евро турат экен

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-октябрда Нарын облусунун Кочкор районуна иш сапары менен барган КР Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров баасы 3199 евро турган Италиялык Moorer брендинен (дизайнери Морено Фаччинкани) чыккан жаңы куртка кийип барганы социалдык тармактарда кеңири талкууга түштү.

Кыргыз саясатында президенттик жана премьер-министр кызматына олтургандарга дароо эле бизнесмен-депутаттардан баасы $1000 тартып $20.000. чейин турган кийимдер белекке келе баштарын мурун деле жазганбыз. 2017-жылы премьер-министр болуп дайындалган Сапар Исаковго депутат-бизнесмен Азамат Арапбаев баасы $6000- $10.000 турган костюмдарды белек кылганы да жарыяланган.

Ал эми Садыр Жапаровго баасы $3000 турган чыптама менен 3199 евро турган куртканы ким белек кылганы белгисиз.

Cүрөттө: дизайнер Морено Фаччинкани

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: