Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун кеңешчиси Акылбек Жапаровдун бир тууган иниси, ички кызматтын полковниги Жапаров Рахатбек Үсөнбекович Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. ЖАМКтын басма сөз кызматы кабарлагандай, тиешелүү буйрукка 16-октябрда премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.
Буга чейин ал Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Финансылык-экономикалык башкы башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.
Жапаров 1971-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда туулган. 1993-жылы Кыргыз архитектура жана курулуш институтун, 2006-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган.
Эмгек жолун Жол коопсуздугу кызматынын инспектору болуп баштаган, Ички иштер министрлигинде бир катар кызматтарда иштеген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ