Menu

Видео – Надира Нарматованын “Трансформаторду кайтарып бергиле, “Мекеним Кыргызстанга” добуш бербей, “Бүтүн Кыргызстанга” добуш берип койдуңар” деген сүйлөшүүсү тарады

Бөлүшүү:

Социалдык тармактарда экс-депутат Надира Нарматованын “Трансформаторду кайтарып бергиле, “Мекеним Кыргызстанга” добуш бербей, “Бүтүн Кыргызстанга” добуш берип койдуңар” деген сүйлөшүүсү тарады.

“Айнагүл, трансформаторду жүктөп берип кой, Сейдакмат аке барат. Добуш беришпегенден кийин не кереги бар? Мени сыйлабаса, мен эмнеге жардам бермек элем. Өздөрүнөн көрсүн, мен атайын алып барып коюп берейин десе добуш бербей коюшту го, көрдүм. Ал эмес мен өзүм берген 100 миң акча менен добуш бербедиңер. Сен айт адамдарга “Бүтүн Кыргызстан” партиясына добуш бериптирсиңер, “Бир Болго”, “Биримдикке” добуш бердиңер, бизге (“Мекеним Кыргызстан”) бербей койдуңар. Мен айтканымды жасадым, эже жасады, а силер жасабай койдуңар” деп.

Силер сыйлабасаңар, силерге эмне үчүн 400 миң сомдук нерсени бериш керек? Бул жеке менчик мүлк, ээлик кылып бербей койгонго акылары жок. Эгерде мамлекеттики болсо, анда жиндилик кылып талашса болот. 400 добушту берип коюп анан мага “уятың жок экен, эмнеге алдайсың бизди” деп айтса болот эле. Азыр элдин бети жок болуп жатпайбы. Сейдакмат аке барганда жүктөп берип койгула” – деп Надира Нарматова аудиожазуу жөнөткөн.

https://www.facebook.com/kyrgyztoday/posts/3162505413877004

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: