24-октябрда БШКны тинтүү учурунда ИИМдин өкүлү Максат Орунтаев жана анын кесиптештери комиссияга Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн документтерди алып кетишкен. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.
“Шайлоо документтерин БШКнын коллегиялык чечиминин негизинде гана ачууга жана/же өткөрүп берүүгө болот деген биздин жүйөлөр Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү тарабынан толугу менен эске алынбай, мыйзамсыз иш-аракеттерди улантууда” – деп жазган ал.
Белгилей кетсек, буга чейин БШКга укук коргоо органдарынын кызматкерлери шайлоодогу массалык мыйзам бузуулар фактысы боюнча сотко чейинки процесстин алкагында документтерди тинтүү жана алып кетүү иштерин жүргүзүштү. Буга чейин шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү милицияга суракка чакырылышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ