Menu

БШК президенттик шайлоого документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтүн белгиледи

Бөлүшүү:

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы кезексиз президенттик шайлоого даярдануу жана өткөрүү боюнча бардык иш-чаралардын графигин бекитти.

Мыйзамдарга ылайык, шайлоо иш-чараларын өткөрүү мөөнөтү төрттөн бирине кыскарган. Шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн талапкерлер 7-декабрга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына талап кылынган документтер пакетин тапшырышы керек (тапшыруу мөөнөтү – 6-декабрь саат 24:00 чейин).

Белгилей кетсек, кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында болот.

Президенттин м.а. жана премьер-министр Садыр Жапаров 2021-жылдын биринчи жарымында парламенттик шайлоо болбой турганын, ал эми президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтө турганын билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 73 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: