Балбак Түлөбаев Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан кетип жатат. Анын кетишине башка кызматка дайындоо себеп болгон. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өздүк булактарга таянып жазып чыгышты.
Эскерте кетсек, Балбак Түлөбаев жакында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. 6-октябрда ал дагы башка аткаминерлер сыяктуу эле кызматтан кетти, бирок бекитилген премьер-министр болбогондуктан, анын кызматтан кетишин кабыл алган эч ким болгон жок. Ошондуктан, ал аймакты жетектей берген.
“Достук” мейманканасында депутаттардын жолугушуусунан кийин Түлөбаев Садыр Жапаровду дагы премьер-министр катары колдой тургандыгын айтып чыккан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ