Menu

“Нариман, кетсин!” Мэриянын имаратына чогулган 100гө жакын адамдар Түлеевдин кызматтан кетишин талап кылышууда

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-октябрда Бишкекте мэриянын имаратынын жанына элдер кайрадан чогулушту. 100гө жакын адам Нариман Түлеевден кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. Кызматтан кетпесе алар өздөрү кирип барабыз деп коркутушууда.

Айрымдары Ош базарындагы көйгөйлөр чечилбей жаткандыктан келишкенин айтышууда. Көпчүлүгү айрым тизмелерди чогултуп жатабыз деп, журналисттер менен сүйлөшүүдөн таптакыр баш тартышууда.

Элдин арасынан бир киши ортого чыгып, аянтта ок жедим деп кыйкыра баштады.

“Биз, жаштар, Бакиевдин жан-жөкөрлөрү эмес, жаштар келсин деп чыкканбыз. Нариман, сен кайдасың? Өзүң чык, болбосо биз сага барабыз” – деди ал. Чогулган эл “Нариман, кетсин” деп кыйкырышууда.

Өзүн “Чоң-Казат” партиясынын өкүлү деп тааныштырган митингчилердин бири, алар Нариман Түлеевге гана каршыбыз, анткени ал Бакиевдин кадры, – деди. Жана ал убада кылынгандай кетиши керек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: