Menu

Нариман Түлеев Москвага иш сапары менен кетти, анын кызматтан кетүү арызы кабыл алына элек 

Бөлүшүү:

Мэрдин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев Москвада иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу ал журналисттерге өзү билдирди.

Ал кызматтан кетүү тууралуу арызы али кабыл алына электигин тактады. Эске салсак, Нариман Түлеев 22-октябрда премьер-министр Садыр Жапаровдун атына кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Бирок, ага кол коюлган эмес.

«Мен Москвадамын. Бүгүн биз фармацевтикалык компаниялар менен бир нече жолу жолугушууларды өткөрөбүз, дары-дармектерди жана медициналык жабдууларды жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз», – деди Нариман Түлеев.

Эске салсак, бүгүн, 26-октябрда мэриянын имаратынын жанында 100гө жакын адам “Нариман, кетсин, ал Бакиевдин кадры”, – деп кыйкырышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: