КРнын ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери КРнын аймагында чет өлкөлүк жарандар мыйзамсыз миграцияны уюштурган фактыны аныкташты. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Пакистан Ислам Республикасынын жараны тиешелүү документтерди мамлекеттик органдардан жасап, КРнын аймагында эмгектенүүлөрү үчүн Пакистан Ислам Республикасынын жарандарын чакырган.
Бирок алар келген учурда эмгек келишими жокко чыгарылып, КРнын Тышкы миграция жөнүндө мыйзамына ылайык визаларын жокко чыгаруу жана ишке уруксат бербөө боюнча чаралар көрүлгөн эмес.
Жогорудагылардын негизинде Пакистандын жарандарын КРнын аймагына мыйзамсыз алып келүү үчүн кызматтар көрсөтүлгөн.
Аталган факты КЖБРге КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 122-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу) боюнча катталып, Пакистандын жараны К.Э. шектелгендиги жөнүндө кабарлама берилди.
Азыркы учурда топтолгон материалдар сотко жөнөтүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ