Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги 1-ноябрдан тартып өлкөдө карантиндик чектөөлөр күчөтүлө турганы жөнүндө билдирүүлөрдү четке какты.
«Социалдык түйүндөрдө карантиндик чектөөлөр 1-ноябрдан тартып күчөтүлөт экен деген ушактар тарап жатат. Мындай жалган маалымат таратуу менен калкты дүрбөлөңгө түшүрүүгө аракет кылгандар белгиленген тартипте жазага тартылат», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Өзбекстанда коронавируска байланыштуу март айында киргизилген карантиндик чектөөлөр акырындык менен 15-августта алынган.
Акыркы маалыматтар боюнча өлкөдө коронавирус жуктургандар 65 480 кишиге жетти. Алардын 62 615и айыгып, 550 бейтап каза болду.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ