Menu

2020-жылдын январь айынан тартып, бүгүнкү күнгө Бишкек шаары боюнча жалпысынан 118 велосипед айдаган жарандар катышкан жол кырсыгы катталган

Бөлүшүү:

2020-жылдын январь айынан тартып, бүгүнкү күнгө Бишкек шаары боюнча жалпысынан 118 велосипед айдаган жарандар катышкан жол кырсыгы катталып, алардын ичинен 117 жаран ар кандай жарааттар менен жабыркаган. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул көрсөткүчтүн баары велосипед айдаган жарандардын жол коопсуздук эрежелерине кош көңүл карап, так сактабагандан улам келип чыгууда.

Ошондуктан, Бишкек шаардык ИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы жарандарды велосипед менен жүрүүдө жол эрежесинде жазылган талаптарды аткарууга чакырат:

– бир колу эмес, сөссүз эки колу менен велосипедти башкарууга;

– жаш балдарды муктаждык болбосо кошумча орунга отургузбоого;

– велосипед менен кошумча жүк ташыбоого;

– жеке коопсуздук үчүн башка жөө жүргүнчү жана унаа башкарып келе жаткан айдоочуларга жолтоо болбош үчүн жөө адамдар өтүүчү жайлардан өтүүдө велосипедтен түшүп жетелеп өтүүнү;

-түнкү убакта жүргөн учурда атайын жарык берүүчү чыптамалар менен же жарыктандыруучу шаймандарды колдонууга;

Жол жээги менен велосипед башкарууда унааларга карама-каршы багытта жүрүүгө жана атайын велосипед айдоочулары үчүн салынган жолдордо жүрүүнү сунуштайт.

Азыркы учурда, милициянын кайгуул кызматы Жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу үчүн жарандар жана велосипед айдоочулары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: