Menu

Ырчы Бек Борбиев “Райымбектин бажы империясы” аттуу иликтөөдө аты аталган баласы Ханбото тууралуу үн катты

Бөлүшүү:
Ырчы Бек Борбиев журналисттер Али Токтакунов менен Болот Темировдун “Райымбектин бажы империясы” аттуу иликтөөсүндө аты аталган баласы Ханбото тууралуу үн катты.
Иликтөөдө Ханбото Борбиев “Манас” бажысында ыкчам нөөмөт бөлүмүндө инспектор катары иштей турганы, ал Райымбек Матримовдун досу, ырчы Бек Борбиевдин уулу экени айтылган.
Бек Борбиевдин айтымында, уулу бажыга жумушка киргенине бир айдай болду. Буга чейин ал курулуш компаниясында иштечү, конкурска көптөн бери катышып жүрүп, былтыр өткөн, ал эми кезеги эми жетиптир.
“Азаттык” Райымдын империясына кошуп койгон экен, суроолор көбөйдү, жооп берип коеун.
Бото дежуркада олтурат, жумушу ошол, 1 күн иштеп 3 күн бош. Дал ушундай расписание үчүн киргем дейт, анткени жеке үй-бүлөөлүк шартына байланыштуу, башка да жумуштары бар. Райым билбесе да керек, баламдын бажыга орношконун.
Мен балдарыма тарбияны, атамдан кандай тарбия алган болсом, ошентип тарбиялайм. Атам мени достору аркылуу жумушка киргизген эмес, мен дагы антпейм. ЖОЖду бүтүп жумушуна киргенде айткам, сенин фамилиян Борбиев, 1 сом взятка алсаң, менин 30 жыл кашыктап чогулткан абийримди төгөсүң. Андыктан акчадан кыйналсан мага кел, дегеле сарамжал жаша деп ата катары айтканым бар. Балдарым мени уят кылбай, элине атасындай, чоң ата дегеле жети атасындай кызмат кылат деген ниеттемин” – деп жазган Бек Борбиев.
“Атаныкы балага жукпайт, бала өзү жол салбаса атанын жолунан адашып кетет. Анткени ата түбөлүк баласынын жанында боло албайт.
Баланы тим коюш керек өз оюна, кыйналат, бирок өз жолун табып кетет. Менин философиям ушундай, рахмат” – дейт ырчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: