Menu

ЭлТР телеканалынын жамааты башкы директор болуп дайындалган Шаиста Шатманованы кабыл албай, иш ташташты

Бөлүшүү:

ЭлТР телеканалына Шаиста Шатманова башкы директор болуп дайындалгандыгына байланыштуу бардык кызматкерлер өз жумуштарын таштап кетишти. Бул тууралуу журналист жана ЭлТР телеканалынын алып баруучусу Бакыт Сакыбаев Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.

“16-октябрда “ЭлТР” МТРКсына башкы директор болуп дайындалып келген Шаиста Шатманованы телеканалдын жамааты кабыл алган жок. Өкмөттөн келген өкүл Бактыбек Ырсалиевдин алдында жамаатка алынып кетүү үчүн 3 күн убакыт сураган. Бирок, андан бери 10 күн убакыт өттү. Жамааттын “кетсин” деген талабын Шаиста Шатманова тоготкон жок. Биз андан бери нааразычылык кылып, бир нече маданияттуу акцияларды өткөргөнүбүздөн майнап чыкпай жатат. Бүгүн  26-октябрда кечки саат 18:00дөн баштап, “ЭлТР” МТРКсынын толук жамааты иш таштоого аргасыз болдук” – деп жазган ал.
“Биздин бул иш таштоо кадамыбыздан майнап чыкпай турган болсо, Профсоюздун демилгеси менен жалпы жамаат Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаровдун “ЭлТР” МТРКсына жаңы дайындаган Шаиста Шатмановага чыккан буйругун жокко чыгаруу үчүн Жогорку Соттун Конституциялык Палатасына арыз менен кайрылууга аргасыз болобуз” – деп кошумчалады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: