Menu

Бийлик спикерликке жана президенттин милдетин аткаруучу кызматтарына депутат Талант Мамытовду даярдап жатат

Бөлүшүү:

Белгилүү болгондой президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына дайындалды. Бул шайлоого катышуну каалагандар 15-ноябрга чейин өздөрүнүн талапкердигин БШКга расмий билдирүүсү керек.

Кечээ, 25-ноябрда КР президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Кочкордо элдин алдында сүйлөп жатып “мен декабрдын башында президенттик милдетимди тапшырам жана шайлоого катышам” деп билдирди.

Бирок БШК президенттикке талапкер болгон мамлекеттик кызматкерлер мыйзам боюнча 14-ноябрга чейин өз кызматтарын тапшырыш керек деп жарыялады.

Эгер премьер-министр Садыр Жапаров премьерлик кызматын тапшырса анын милдетин биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков аткарып калат. Ал эми президенттик милдетин аткаруучу болуп Жогорку Кеңештин спикери Канат Исаев киришиши керек. Бирок Канат Исаев өзү президенттик шайлоого талапкер катары катышам деген дымагы бар.

Бийлик да ЖКнын спикерлигине жана президенттин милдетин аткаруучу кызматына өздөрүнүн ишенимдүү кишиси, депутат Талант Мамытовду таптап жатат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: