Menu

Алматыда өткөн смартфондо тартылган кыска метраждуу тасмалардын фестивалында Кыргызстандан барган команда жеңишке жетти

Бөлүшүү:

Эл аралык мобилдик блокбастер кинофестивалынын экинчи сезону аяктады. Бул жолу дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн келген катышуучулар өзүлөрүн санарип искусствосунда сынап көрүштү. Ал эми баш байге – $ 500 жана статуэтка “Опоздавший” тасмасы менен Кыргызстандан келген командага берилди.

Mobile Blockbuster кинофестивалы (MBff) – смартфондо тартылган кыска метраждуу тасмалардын фестивалы. Ал Казакстанда ушул жылдын март айында пайда болгон. Уюштуруучулар долбоордун негизги миссиясын маданияттын, искусствонун жана көңүл ачуунун чектерин кеңейтүүдө, ошондой эле колдонуучунун чыгармачыл контентин түзүүдө карашат. Фестивалдын экинчи сезону 15-августтан 15-октябрга чейин созулган. Ал эми 25-октябрда YouTube каналындагы A! Baika каналында жеңүүчүлөрдү жарыялоонун салтанаттуу аземи болуп өттү.

Эки сезон тең онлайн режиминде өткөнүнө карабастан, Фестиваль буга чейин эл аралык деңгээлге чыккан. Жалпысынан MBff командасы дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн: Казакстан, Россия, Болгария, Испания, Франция, Чили, Куба, Кыргызстан, Иран, Индия жана Польшадан 50 чыгарманы кабыл алды.

Экинчи сезондун олуттуу жаңылыктарынын бири онлайн окутуу мастер-класстарынын өткөрүлгөндүгү көңүл бурат. Долбоордун эки айынын ичинде ушундай тогуз семинар өткөрүлдү. Ушул демилгенин аркасында катышуучулар мобилдик видеография, сценарийлерди жазуу, актердук чеберчилик жана эл алдына чыгып сүйлөө, продюсердик чеберчилик, өзүн-өзү жарнамалоо ж.б темалар боюнча баштапкы билимге ээ болушту.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: