Menu

Кыргызстан 2020: Бир президент “зонадан” чыгып келсе, бир президент “зонага” кетип бара жатат

Бөлүшүү:

Кечээ, 26-октябрда мурунку президент Алмаз Атамбаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан чыгарылып, Бишкек СИЗО-1ге которулганын угуп кыргыздар дүрбөп эле жатып калышты.

“…Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев Атамбаевден өч алганы жатышат. Аны “каралардын” колуна салып берип, сабатып, байлыгын тоноткону жатышат…” деген сыяктуу божомолдор көп айтылды.

Ал эми Атамбаевге ичинен сызып жан тарткандар “Бул уят иш болду, султандын тукумун минтип  кордобош керек, дүйнө жүзүнө уят болобуз” деп  күрсүлдөп чыгышты.

Биздин эксперттердин айтымында, чындыгында Алмаз Атамбаевдин УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан Бишкек СИЗО-1ге которулганында эч кандай кутум жок. Атамбаевге карата соттун чыгарган өкүмү толук күчүнө киргенден кийин аны убактылуу абактан этап менен “зонага” которуп жатышат. Мындай этапты быйыл экс-премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиевдер да башынан өткөрүшкөн.

Эреже боюнча УКМКнын убактылуу кармоочу абагынан “зонага” которуунун алдында айыпкерлер ЖАМК системасына кирген Бишкек СИЗОсуна 10 күндөй карантинде болушат. Ал убакта ЖАМК айыпкерди кайсы “зонага” жөнөтүү маселесин чечип, ал “зонадан” жай даярдашат.

Ток этер жери – Атамбаев этап менен “зонага” кетип бара жатат…

Кыргызстан 29 жылдагы көз карандысыздык заманында бийлик талашкан ордо кутумдарынын натыйжасында бүгүн бир саясатчы “зонадан” президент болуп  чыгып жатса, бир президент “зонага” кетип бара жатат.

Бирок бул башкы көйгөй эмес. Башкы көйгөй – Кыргыз бийлик талашкан өз ара ички (междоусобица) ордо кутумдарынын натыйжасында 9-кылымдагы Улуу кыргыз каганатынан – мамлекетинен ажырап, 1000 жылдан ашык монголдордун, орустардын жана башка империялар менен хандыктардын колониясы болуп келдик. 1000 жылдан ашык өз мамлекетибиз болгон жок. Эми 1991-жылы колубузга тийген мамлекеттүүлүгүбүздү да ич ара (междоусобица) бийлик талашып, кырылышып бүлүнтүп албайлы. Бийлик талашсаңар да мыйзам менен, акыл менен талашкыла. Жеткен акылыңар эле ич ара талашка (междоусобица) алып келчү аймактык бөлүнүү идеологиясы болуп жатат.

Мыйзам нугуна түшүп, парламенттик жана президенттик шайлоону бурмалабай, өз убагында өткөрөлү. Антпесе бизде бир президент “зонадан” чыгып келсе, экинчи президент “зонага” кеткен адатка айланат…

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: