Menu

Душанбеде маянасы кечиктирилгенине нааразы болгон аэропорт кызматкери өз жанын кыйды

Бөлүшүү:

Душанбе эл аралык аэропортунун коопсуздук кызматкери айлык акысынын кечиктирилгенине нааразылык катары өз жанын кыйды. Окуя 26-октябрь күнү түштөн кийин аэропорт имаратында болду.

Маркум Шерафган Хожакуловдун агасы Жамшед Давлатовдун айтымында, ал тогуз айлык маянасын ала албай жүргөн. «Өз өмүрүнө кол салардын алдында мага «сөөгүмдү аэропорттон алып кеткиле» деп смс-билдирүү жазып жибериптир. Ал батирде жашачу, кожоюнуна 14 миң сомони (1400 доллар) карызы бар экен. 26-октябрда акысын талап кылып келген батир ээси аны үйдөн чыгарып коюптур», — деди Давлатов.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) 38 жаштагы аэропорт кызматкери өз жанын кыйгандыгы тууралуу маалыматты ырастап, окуя боюнча тергөө иштери башталганын билдирди.

RFE/RL радиосунун тажик кызматы аэропорттогу өз булактарына таянып, Хожакулов жетекчилиги кезектеги жолу айлык берүүдөн баш тарткандан кийин өзүнө ок атканын билдирди.

Быйыл жайында Душанбе эл аралык аэропортунун кызматкерлери марттан бери айлык берилбей жатканына нааразылык билдирип чыгышкан. Анда аэропорт жетекчилиги эл аралык аба каттамдар токтотулгандыктан, кызматкерлердин көбү акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө чыгарылганын кабарлаган. Аэропорттун түрдүү түзүмдөрүндө жалпысынан 1500гө жакын киши иштейт.

Тажикстандын Эмгек кодексинде өз убагында айлык акы төлөбөө үчүн жаза каралган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: