Menu

Кеңешбек Дүйшөбаев: “Садыр Жапаров саясий жана социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүнүн ордуна кызмат орундарын жана стратегиялык объектилерди бөлүштүрүүдөн баштады”

Бөлүшүү:

“БШКдагы шайлоонун алдын ала жыйынтыктары чыккандан кийин митингдер башталды, натыйжада катуу саясий күрөш башталды. 14-октябрда Жээнбеков мени чакырып, кырдаалды турукташтырууга жардам сурады”, – деди Кеңешбек Дүйшөбаев пресс-конференцияда Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалышы жөнүндө.  

Анын айтымында, ал президентке бир нече суроолорду берген, ал эми Жээнбеков бардык көйгөйлөр мыйзамдын чегинде, бардык курч талаш-тартыштар сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек деген.

“Ал Баш мыйзамды так сактайбыз деп убада берип, аягына чейин калмак. Мындай сөздөрдөн кийин мен ага ишеним артып, дайындалышыма макул болгом” – деди ал.

Бирок 15-октябрда Жээнбеков кызматтан кетип, андан кийин премьер-министр Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болуп калды. 

“Биз бир нерсе боюнча макулдашсак, а окуялар башка нукка бурулуп кетти. Ал учурда мен иштин маңызын түшүнүүгө аракет кылдым” – деди ал.

Дүйшөбаев өзү жана командасы эң көйгөйлүү маселелерди аныктоого, маалыматтык материалдарды жана документтерди даярдап, Жапаровго тапшырганга аракет кылгандыгын айтты. Негизги багыттар коррупция менен күрөшүү жана акчаны кайтарып берүү, Матраимовдорго каршы күрөш, мамлекеттик аппаратты кыскартуу жана чыгымдарды оптималдаштыруу болгон.

“Биз күчтүү аналитикалык жазууларды даярдап, президенттин милдетин аткаруучунун кароосуна жөнөттүк. Алар коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү, кылмышкерлердин таасири, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн абалы, чек ара коопсуздугун чыңдоо чаралары, Мамлекеттик күзөт кызматынын жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын иши, ошондой эле Коопсуздук Кеңешинин ишин жакшыртуу тууралуу болчу. 

Биз Коопсуздук Кеңешин өткөрүүнү сунуш кылдык, биз иш-аракеттерди күттүк, бирок натыйжасыз. Эскертүүлөр карала элек жана аларда эч кандай кыймыл жок. Жаңы өкмөт саясий жана социалдык экономикалык маселелерди кароонун ордуна кызмат орундарын жана стратегиялык объектилерди бөлүштүрүүнү баштады. Бийликтин бардык вертикалдарында түшүнүксүз кыймылдар жана жоопкерчиликсиздик байкалат. Эл бардык кыйынчылыктар менен кимге кайрылууну билбейт “, – деди Дүйшөбаев.

Белгилей кетсек, бүгүн Кеңешбек Дүйшөбаев КР Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан бошотулду. Анын ордуна 60 жаштагы Рыскелди Мусаев дайындалды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: