Menu

ИИМдин КМКнын кызматкерлери үйлөрдөн мүлктөрдү уурдоого шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты

Бөлүшүү:

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери үйлөрдөн мүлктөрдү уурдоого шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кылмыштуу топтун эки мүчөсү чет өлкөлүк жарандар. Жакында эле алар Ленин районунун аймагынан ири суммадагы акча каражатын, алтын жасалгаларды уурдап кетишкен.

Андан сырткары, шектүүлөр Бишкек шаарынын аймагында андан башка ондогон уурулукту жасоого шектелишүүдө.

21-октябрь күнү кылмышкерлер Матыев көчөсүндө жайгашкан үйгө кирип, 100 миң сом акча каражатын, алтын жасалгаларды уурдап кеткен.

Жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылышкан.

Аталган факты КЖБРге катталып, Ленин РИИБи КРнын Жазык кодексинин 200-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,2,3-пунктары (адамдардын тобунун ири көлөмдөгү уурулукту жасоосу) боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Шектүүлөр автоунаа менен жүрүшүп, бирөөсү унаада калып, калган экөө үйгө уурулукка кирген соң, зер буюмдарды жана акча каражаттарын  уурдап кетип жүрүшкөн.

Жакында, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери ыкчам иш-чараларды жүргүзүшүп, натыйжада үй ууруларынын тобу шаарга жакын жерден кармалган.

Кармалган жарандардын өздүгү такталып, мурда бир нече жолу соттолгон Казакстандын жарандары  1988-жылы туулган Г.С. менен 1988-жылы туулган Ф.М., Чүй облусунун Аламүдүн районунун 1962-жылы туулган Б.В. экендиги аныкталган.

Азыркы учурда мүлктөрдү уурдоо боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: