Menu

Маданият министрлиги өлкөдөгү кинотеатрлардын ишин жандантууну сунуштады

Бөлүшүү:

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков КРнын Өкмөтүнүн Аппаратына өлкөдөгү кинотеатрларынын ишин жандандыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө кат жөнөттү.

Министрлик, кинотеатрлардын иши 2020-жылдын 17-мартынан ушул күнгө чейин токтотулгандыгын билдирип, болжол менен 8 айдан бери кинотеатрлар ири финансылык жоготууларга келгендигин маалымдайт.

Кинотеатрлар имараттарды кармап туруу, коопсуздук, коммуналдык кызматтар, насыялар, карантиндик мезгил үчүн жарым-жартылай эмгек акыларын төлөө үчүн ири төлөмдөрдү жүргүзүп келүүдө.

Узак мөөнөткө ижарага алынган кинотеатрлардын иши эң татаал бойдон калууда. Үстүбүздөгү жылдын апрель айынан бери аталган кинотеатрлардын 1000ге жакын кызматкерлерине экономикалык ишмердүүлүккө тыюу салынгандыгына байланыштуу эмгек акы төлөнө элек, бул алардын үй-бүлөлөрүнүн материалдык абалына таасир берип жатат.

Узак убакытка созулган акысыз токтоп калуу аларды башка жумуш издөөгө мажбурлоодо, ал, кино тейлөө чөйрөсүндө квалификациялуу кадрлардын жоголушуна алып келүүдө. Ошондой эле, республикалык бюджеттин киреше бөлүгү болгон кинотасмаларды ижарага алуу жана кинотасмаларды сатуудан акча чогултуу боюнча келишимдик милдеттенмелер да бар.

Белгилей кетсек, өз кезегинде КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн санитардык-эпидемиологиялык, санитардык-гигиеналык режимдерди сактоо боюнча иш-аракеттердин алгоритмин иштеп чыккан.

Маалымат үчүн: 2019-жылы республиканын кинотеатрлары 100,0 млн сом суммасында бюджеттин толтурган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: