Жаңы дайындалган Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев муниципалитетте биринчи кадрдык өзгөрүүлөрдү жасап, вице-мэрлер Виктория Мозгачева менен Алымбек Абдылдаевди кызматтан бошотту. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өздүк булактарга таянып жазып чыгышты.
Виктория Мозгачева социалдык саясат боюнча вице-мэр болгон. Алымбек Абдылдаев турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр болчу.
Бошогон кызмат орундарын ким ээлей турганы азырынча айтыла элек.
Эске сала кетсек, бүгүн, 27-октябрда эртең менен Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматына дайындалды. Ал бир нече ай мурун Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.
Мэрдин милдетин аткаруучу кызматына бир катар чуулгандуу окуялар болгон. Бул кызмат үчүн Нариман Түлеев күрөшкөн. Ошондой эле бул орунду “Мекенчил” партиясынын мүчөсү Төрөкан Жунусбеков ээлөөгө аракет кылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ