Menu

Өкмөттүн чечими келгенче “ЭлТРдин” кызматкерлери убактылуу ишин улантып жатышат

Бөлүшүү:

“ЭлТР” телеканалынын жамааты ишин убактылуу улантууну чечишти. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда журналист жана алып баруучу Бакыт Сакыбаев журналисттерге билдирди.

«Эртең менен биз саат 14: 00гө чейин иштейбиз деп чечтик, анткени ага чейин Шаиста Шатманова каналдын башкы директорунун кызматынан алынат деп өкмөт убада кылды. Эми өкмөттүн өкүлдөрүнүн келишин күтүп жатабыз. Эгерде биздин талаптар чечилбей калса, анда биз дагы жумуш ордубузду таштайбыз», – деди Бакыт Сакыбаев.

Ошондой эле ал белгилегендей, эгер телеканалдын учурдагы директору кызматтан алынса, анда ЭлТРдин кызматкерлери жалпы чогулушта шайлануучу кесиптештеринин бирин жетекчиликке көрсөтүшөт.

Эскерте кетсек, кечээ, 26-октябрда “ЭлТР” телеканалына Шаиста Шатманова башкы директор болуп дайындалгандыгына байланыштуу бардык кызматкерлер өз жумуштарын таштап кетишкен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: