Menu

Орусияда борборазиялык жумушчуларга суроо-талап кескин жогорулады

Бөлүшүү:

Пандемиядан улам чек аралар жабылганына байланыштуу Москвада борборазиялык жумушчулардын кызматтарына суроо-талап кескин жогорулады.

https://www.centralasian.org/a/30909191.html

Москвада тигүү цехин жетектеген Георгий Третьяков өнөктөштөрү менен премиум-класстагы кийимдерди тигүү менен алектенет. Чек аралар жабылгандан кийин ишканада бул тармакта тажрыйбасы бар адистердин тартыштыгы жаралган.

«Биздин компания тажрыйбалуу мыкты адистерге муктаж болуп жатат. Пандемиядан улам жумушчу күчтүн азайышы ишмердүүлүгүбүзгө терс таасирин тийгизип жатат. Азыр Орусиянын жарандарынан тышкары Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрүн да караштырып жатабыз. Анткени алар жеңил өнөр жай тармагынын чеберлери», – деди Третьяков.

Светлана Саламова мигранттардын арасынан түрдүү ишканаларга жумушчуларды таап берүү менен алектенет. Анын айтымында, пандемиядан улам жумушчулар жеңил өнөр жайынга гана эмес, башка тармактарда да жетишсиз болууда. «Азыр эмгек мигранттары бардык тармактарда жетишсиз. Көчө шыпыруучулар, пол жуучулар, курьерлер, ашпозчулар, официанттар, идиш жуучулар көп керек болууда», — деди Саламова.

Өткөн жумада Москванын мэри Сергей Собянин шаарда эмгек мигранттары 40% азайганын билдирген. Ал баш калаанын тазалык кызматында убактылуу иштеген жумушчулардын жетишсиздигинен улам кышка кам көрүү үчүн аймактардан жумушчу күчтөр тартылып жатканын айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: