Menu

Жалал-Абадда «Офицердин жубайы» медалы тапшырылды

Бөлүшүү:

Кыргыз милициясынын 96 жылдык мааракесине карата Жалал-Абад ОИИБ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин жубайларына «Офицердин жубайы» медалы ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 20 жылдан ашуун укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн кызматкерлердин өмүрлүк жарларына берилүүчү медалды Жалал-Абад ОИИБдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Капарбек Исаков тапшырган.

Капарбек Исаков милициянын жубайы болуу сыймык экендигин айтып, алып жаткан сыйлыктары менен куттуктаган.

Ошондой эле алардын жолдошторунун жумушу татаал жана жоопкерчиликтүү экендигин белгилеген.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБ боюнча ЖКККБнын начальниги, милициянын подполковниги Авазбек Досов офицерлердин жубайларына бекем ден соолук каалап, өмүрлүк жолдоштору менен түбөлүктүү жана бактылуу жашоо тилеген.

Өз кезегинде медал тагынып, кубанып турган офицерлердин жубайлары ыраазычылыктарын билдиришип, сыйлык тапшыргандардын жана кызматкерлердин жумуштарына ийгиликтерди каалашкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: