Аламүдүн райондук соту 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча соттолгон Мамлекеттик кайтаруу кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Нурлан Темирбаевди шарттуу бошотуу жөнүндө чечим чыгарды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдирүүдө.
Алардын айтымында, өткөн жумада колониянын администрациясы Аламүдүн райондук сотуна кайрылып, Нурлан Темирбаевди камактан бошотуу өтүнүчүн келтирген, анткени ал мөөнөтүнүн бир бөлүгүн өтөгөн, абактын администрациясынын позитивдүү мүнөздөмөсүнө ээ жана колониянын жашоосуна активдүү катышып келген.
Сот тараптардын пикирин жана мамлекеттик айыптоонун макулдугун уккандан кийин, өтүнүчтү канааттандырды.
Белгилей кетсек, эгерде соттун чечимине 10 күндүн ичинде даттанбаса жана мыйзамдуу күчүнө кирсе, Нурлан Темирбаев №27 колониядан бошотулат.
Эсиңиздерге сала кетсек, 2016-жылдын июнь айында 2010-жылдагы Апрель окуясы боюнча сот Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын мурунку орун басары Нурлан Темирбаевди 25 жылга эркинен ажыраткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ