Menu

КРнын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн аракети менен бейбаштыкка жана ири алдамчылыкка шектелген жарандар кармалды

Бөлүшүү:

КРнын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн аракети менен бейбаштыкка жана ири алдамчылыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, КРнын ички иштер органдарынын кызматкерлери чет мамлекеттерде жашынып издөөдө жүргөн жарандардын кайда экендигин аныктоо жана аларды кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш- чараларды жүргүзүп келүүдө.

КРнын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Россия Федерациясынын укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташуунун негизинде жарандарды жана мамлекеттик уюмдарды маанилүү чыгымдарга учуратып, жашырынып издөөдө жүргөндөрдү аныктоо боюнча иштерди улантууда.

Жакында, КРнын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Россиянын аймактык укук коргоо органдары менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары аныкталып кармалган.

2015-жылдан бери издөөдө жүргөн Ош облусунун Ноокат районунун 1994-жылы туулган К.К. аттуу жашоочусу кармалган. Ал Чүй облусунун Москва районунун ИИБи КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 2-бөлүмү (Бейбаштык максатта саламаттыкка атайылап оор зазал келтирүү) менен 234-беренесинин 2-бөлүмүндө (Адамдардын тобу тарабынан жасалган бейбаштык) көрсөтүлгөн кылмыш курамын жасоого шектелип издөөдө жүргөн.

Жогорудагы жаран 2014-жылы ноябрда Москва районунда жайгашкан кафеде ээнбаштык кылып кардардын бирин таш менен койгулап сабап салган. Жыйынтыгында жабырлануучунун саламаттыгына залал келтирилип, операция жасалган.

Андан сырткары, Ош облусунун Алай районунун 1976-жылы туулган А.Г. аттуу жашоочусу (аял киши) кармалган. Ал 2009-жылдан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Бул жаран Ош облусунун ИИБи тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пунктунда (кыйла ири көлөмдө жасалган алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш курамы боюнча издөөгө алынган.

Жаран А.Г. 2016-жылдан 2017-жылга чейин базарда иштеген 4 жарандын ишенимине кирип, акча каражатын алган соң изин жашырып белгисиз тарапка качып кеткен. Жабырлануучуларга келтирилген материалдык чыгым 4 540 000 сомду түзгөн.

Ошондой эле, 2015-жылдан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну 1978-жылы туулган С.А. кармалган. Ал КРнын УКМКсы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүмү (Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) менен 304-беренесинин 1-бөлүмүндө (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) көрсөтүлгөн кылмыштардын курамы боюнча козгогон иш боюнча Ош облусунун Ички иштер башкармалыгы тарабынан 2012-жылдан бери издөөдө жүргөн.

Аталган жаран 2008-жылы алдамчылык жолу менен ЖЧКдан ири суммада акча каражатын-250000 АКШ долларын алып, белгисиз тарапка качып кеткен.

Ошондой эле, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жашоочусу 1986-жылы туулган М.А. кармалган. Ал 2018-жылдан бери издөөдө жүргөн. КРнын УКМКсы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 3-бөлүмү (коомдук тартипти коргоо боюнча милдетин аткарып жүргөн бийлик өкүлүнө, болбосо башка адамга, же коомдук тартиптин бузулушуна бөгөт койгон адамга каршылык көрсөтүүгө байланыштуу жасалганда) көрсөтүлгөн кылмыштардын курамы боюнча козгогон иш боюнча Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгы тарабынан издөөдө жүргөн.

Азыркы учурда издөөгө алган тарап кабарланып, укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү маселелер чечилип жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: