Кечээ, 26-октябрдан тартып Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиевдин тапшырмасынын негизинде Бишкек шаардык Борбордук мечиттин кызматкерлеринин диний билимин жогорулатуу максатында атайын окуудан өтүшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуу сабагы эзелтеден бери ата бабаларыбыз окуп келген «Мухтасар-ул викоя» китебинен башталган.
«Эң алгач диний кызматкерлердин диний деңгээлин, билимин бекемдөө максатында биздин «Маваран-нахр» аймагында кенен жайылып, окутулуп келген «Мухтасар» китебинен кайталоо сабактарын баштадык. Бул сабактар жумасына бир ирет өткөрүлөт. Буюрса пайдалуу болот деп үмүт кылабыз»,- деди Замир кары.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ