Menu

КР Акыйкатчысы Токон Мамытов №1 тергөө изоляторуна барып Алмазбек Атамбаев менен жолукту

Бөлүшүү:

КР Акыйкатчысы Токон Мамытов, бүгүн, 27-октябрда №1 ТИЗОго барып,  ал жерде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан  мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен ал олтурган №104 камерада жолугушту.  Бул тууралуу КР Акыйкатчысынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, кармоо шарттарына дооматы барбы деген Акыйкатчынын суроосуна  А.Атамбаев белгилегендей, ал жердеги сантехникалык түйүн буга чейин иштебей турган жана түтүктөрдөн суу тамчылап агып турганын белгилеген. Ошондуктан камера ным тартып, жагымсыз жыттан арыла элек.

А.Атамбаевдин  пикиринде, А.Батукаев, ТЭЦ жана Кой-Таш боюнча сот отурумдары ачык мүнөздө болуп, ага коомчулуктун өкүлдөрү, ошондой эле журналисттердин катышуусу камсыздалышы керек.

Тергөө жана сот органдары республиканын буга чейинки жетекчилигинин тапшырмасы боюнча атайылап негизсиз, мыйзамсыз түрдө жабык өткөрүп келишкен, себеби коомчулукка ачык-айкын маалымат белгилүү болуп калат деп чоочулашкан.

А.Атамбаев өз ден соолугу боюнча, бүгүн  №1 ТИЗОдо медициналык кароодон өткөрүлгөнү жана кан басымы 80/58 болуп түшүп кеткенин маалымдады.

Ошондой эле, А.Атамбаев Акыйкатчыга кайрылып, аппараттын кызматкерлери тарабынан Кой-Таш окуяларынын башка катышуучуларына Ф.Ниязовго, К.Сагынбаевге баруунун зарылдыгын суранган.

Жаза мөөнөтүн мындан ары өтөө үчүн  чукул арада ЖАМКнын башка мекемесине которулушу керектигин белгилеген.

Мындан тышкары, А.Атамбаев Акыйкатчы Токон Мамытовго  кайрылып, анын үнүн мамлекеттик бийликтин  жетекчилерине жана сот бийлигине жеткирип коюуну суранган.

КР Акыйкатчысы Токон Мамытов А.Атамбаев менен жолугушуудан кийин №1 ТИЗО жетекчиси менен жолуккан.

Ошондой эле Түзөтүү мекемелеринде мыйзамдуулуктун сакталышын  көзөмөлдөө боюнча прокуратуранын өкүлдөрү менен жолугушкан.

Жолугушуунун жыйынтыгында, атайын комиссиянын чечимине ылайык,  А.Атамбаев бүгүн №1 ТИЗОдон 47-түзөтүү мекемесине которулган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: