Menu

Садыр Жапаров: “Кеңешбек Дүйшөбаев 2010-жылдын апрель жана июнундагы кандуу окуяларга күнөкөөрлөрдүн бири катары жоопко тартылыш керек”

Бөлүшүү:

Сүрөттө: Садыр Жапаров менен Өмүрбек Суваналиев 2010-жылы Ош окуялары учурунда
“Биринчиден, Кеңешбек Дүйшөбаев – бул пенсиядагы адам, экинчиден ал Коопсуздук Кеңешинде олтурганга моралдык укугу жок, ошондуктан аны алмаштырдым. Анткени ал 2010-жылдагы апрель окуялары боюнча, андан кийинки түштүктөгү коогалаңдуу окуялар боюнча жооп бериши керек”, – деп билдирди бүгүн, 27-октябрда КР Президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров УТРК телеканалына интервью берип жатып.
“Анткени ал ошол кезде Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы болуп олтурган. Ал окуяларды болтурбоо боюнча алдын-ала чараларды көргөн эмес, бул дагы териштирилет. Ал жоопко тартыла турган адам, анан ал адам кантип Коопсуздук кеңешинин башында туруш керек?” – деди Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин кызматынан кетиши боюнча суроого жооп берип жатып.
Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 92 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: