Menu

Аксынын Падыша-Ата коругунда 14 күрөң аюу байырлайт

Бөлүшүү:

“Кыргызстандын “Кызыл китебине” кирген Тянь–Шань күрөң аюусу. Тянь-Шандын жаратылышын илимий жактан изилдөө иштери XIX кылымдын орто чендеринде башталган. Тянь-Шандын жаныбарлар дүйнөсүн алгачкылардан болуп орус географы Петр Семенов изилдеп чыккан. Окумуштулардын билдиргенине караганда, Тянь-Шань күрөң аюусу жоголуп бараткан жаныбарлардын түрүнө кирет. Ошого байланыштуу бул аюу өлкөнүн “Кызыл китебине” киргизилген. Тянь-Шань күрөң аюусу Жалал-Абад областына караштуу Чаткал районунда жайгашкан “Беш-Арал” жана Аксы районундагы Падыша-Ата мамлекеттик жаратылыш коруктарында байырлап келишет. Тянь-Шань күрөң аюусу токойдо бүлдүркөн, кожогат, ар кандай өсүмдүктөр жана бир аз эт менен азыктанышат. Күрөң аюу акыркы 5-6 жыл аралыгында Кашка-Суу айыл аймагынын Тоолуу айылдарына жакын келип, бодо мал жана жандыктарга тийген убактар болуп, королорду талкалап жатат” – деп билдирди коомдук активист Шекербек Камчыбек уулу Facebook социалдык тармагындагы баракчасында
Падыша-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун илимий кызматкери Шумкарбек Мавлянов болжолдуу маалыматы боюнча бүгүнкү күндө 14 даана күрөң аюу бар. Бирок, толук санын билип жана коргоп калуу үчүн корукдун материалдык базасы жетишсиздик кылат. Ошого карабай Падыша-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунда жандуу жапайы жаныбарлардын жыл сайын санынын өсүшү сүйүндүрөт” – деп жазган ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 20 = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: