Menu

Түркмөн бийлиги Түркияда жүргөн активисттин туугандарына кысым көрсөтүүдө

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда полиция Түркияда жүргөн 29 жаштагы түркмөн активисти Дурсолтан Таганованын туугандарын чакырып, камерага аны эл душманы деп айтууга мажбурлашууда. Бул тууралуу RFE/RL радиосунун түркмөн кызматы “Мемориал” укук коргоо борборуна таянуу менен билдирди.

Таганова 19-июлда коронавируска байланыштуу киргизилген чектөө чараларын бузуу айыбы менен Стамбулдагы түркмөн элчилигинин алдында өтө турган митингге бир нече саат калганда кармалган. Активист башка 80дей замандашы менен Түркмөнстан бийлигин сындап, билдирүү жасоону пландаган.

Түркия бийлиги Таганованы мекенине кайтарууну көздөгөн, бирок бир нече укук коргоо уюмдарынын чакырыгынан кийин 12-октябрда аны депортациялык түрмөдөн бошоткон. Мындан соң Түркмөнстанда ага каршы иш козголуп, издөөгө алынган. Ал эмне себептен айыпталып жатканы белгисиз.

Таганованын апасы Меремгүл Баймурадова укук коргоочуларга кызы быйыл июнь айында соцтармактар аркылуу биринчи жолу түркмөн бийлигине каяша сүйлөгөндөн кийин эле анын туугандарына кысым башталганын айткан.

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, активисттин ата-энеси, инисинен тышкары башка туугандары да полиция бөлүмүнө чакыртылган. Сурак учурунда полициячылар алардын көрсөтмөлөрүн камерага тартышып, Таганованы “Эл душманы” деп айтууга мажбурлашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: