Бүгүн, 28-октябрда Бишкек шаардык мэриясына кайрадан жарандар чогулушту. Алар колдоруна борбордун вице-мэрлеринин жумушка кайтып келүүсүн талап кылган плакаттарды көтөрүп алышкан.
Эске салсак, кечээ, 27-октябрда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматына Балбак Түлөбаев дайындалган. Ал эки вице-мэр – Виктория Мозгачева жана Алымбек Абдылдаевди кызматтарынан бошоткон. Ошондой эле, кийинчерээк Октябрь районунун акими Азамат Дороев менен Биринчи Май районунун акими Алибек Биримкулов кызмат ордунан кетишкен.
Келген жарандар Балбак Түлөбаевдин ишмердүүлүгүнө нааразычылыгын билдирүү үчүн чогулушту. Алар вице-мэрлер мыйзамсыз иштен алынганын жарыялашып, аларды кайтарып берүүнү талап кылышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ