Вице-премьер-министр Равшан Сабиров кримавторитет Камчы Көлбаев менен байланышы бар экендигин четке какты. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда ал “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, ал чындыгында эле Камчы Көлбаев менен бир мекемеде жаза өтөгөн, бирок түрмөдөн кийин аны көргөн эмес жана байланышкан эмес.
“Мен № 47 колонияда отургам. Ошол учурда биз спортко активдүү катышып, баардыгын чакырып, футболдук команда түзүп, шахмат жана волейбол ойночубуз. Камактан бошотулгандан кийин мен Камчы Көлбаев же алардын бири дагы менен байланышкан жокмун», – деди ал.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармакта Равшан Сабировдун кримавторитет Камчы Көлбаев жана уюшкан кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү менен биргелешкен сүрөтү жарыяланган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ