Menu

ЖКнын депутаттары Канат Исаевди спикерликтен кетирүү үчүн кол топтоп жатышат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-октябрда депутаттар Канат Исаевди спикерликтен кетирүү үчүн кол топтой башташты. Бул маалыматты журналисттерге бир нече депутат тастыктады.

Алдын ала маалыматтар боюнча, спикерлик кызматка Талант Мамытовдун талапкерлиги көрсөтүлүшү мүмкүн.

Бирок Мамытов бул жөнүндө айтуу эрте экенин, ар бир депутат спикерликке талапкерлигин койсо боло турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, Канат Исаев спикер болуп 13-октябрда дайындалган. Мыйзамга ылайык, президент отставкага кеткенден кийин спикер президенттин милдетин аткаруучу болмок. Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткенден Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тарткан. Ал милдетти аркалоо премьер-министрге жүктөлгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: