Menu

Чүйдө 20 000 АКШ долларын уурдоого шектелген жаран кармалды

Бөлүшүү:

Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери 20 000 АКШ долларын уурдоого шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен Прогресс айылынын жашоочусу кайрылып, үйдөн 20 000 АКШ доллар акча каражатын уурдап кеткен белгисиз адамга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты КЖБРге КРнын Жазык кодексинин 200-беренесинде (Уурулук) көрсөтүлгөн кылмыш курамы боюнча катталган.

Бул кылмыш ишинин бетин ачуу үчүн милиция кызматкерлери бир катар ыкчам жана тергөө амалдарын жүргүзүшүп, жабырлануунун жанында жүргөн адамдар суралган.

Мындан аркы иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жабырлануучунун кол алдында мал багуучу болуп иштеген жаран акча каражаты жоголгондон кийин жашырынып качып кеткендиги такталган.

Чүй районунун милициясы анын өздүгүн тактап, ал тоноо үчүн бир нече жолу мурда соттолгон 1984-жылы туулган К.Е. экендиги белгилүү болгон.

Ыкчам көрүлгөн чаралардын натыйжасында ыкчам кызматкерлер тарабынан Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринен К.Е. кармалып, Токмок ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: