Сицилиянын түштүгүндөгү Салеми шаарынын бийлиги болгону 1 еврого үй сатып алууну сунуштап жатат, бирок үйдү сатып алган адам 3 жылдын ичинде аны оңдоп-түздөш керек деген шарт коюлган. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.
Шаардын мэри Доменико Венути жер титирөөдөн кийин шаардын абалы кескин начарлап кеткендигин, буга байланыштуу ал аймакты калыбына келтирүүнү көздөп жатканын белгиледи. Ошондой эле шаар башчысы кароосуз калган үйлөрдүн коопсуздугун сактоо үчүн кеңири профилактикалык иштер жүргүзүлгөндүгүн белгиледи.
Белгилей кетүүчү нерсе, потенциалдуу сатып алуучулар сатыкка коюлган объектилердин сүрөттөрүн көрүп, андан соң веб-сайттан тиркемени жүктөп алышат. Бирок, мүлккө ээ болуу үчүн, ээси жакынкы үч жылдын ичинде имаратты оңдоп-түзөөгө милдеттенет. Мындан тышкары, жумуштун аякташына кепилдик катары 3000 евро күрөө төлөнүшү керек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ