Menu

Аида Исмаилова депутат Дастан Бекешевдин сынына жооп берди

Бөлүшүү:

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин кызмат ордуна талапкер Аида Исмаилова депутат Дастан Бекешевдин сынына жооп берди.

Дастан Бекешевдин айтымында, Аида Исмаилова вице-премьер-министр болуп туруп, пандемия күчөп турганда өзүн өтө начар көрсөткөн, эч кандай координация болгон эмес, адамдар ооруканалардын босогосунда өлүп жатышкан, дары-дармектер жана дарыгерлер жетишсиз болгон. “Менин оюмча, Садыр Нургожоевич башка кадрларды тапса болот”, – деди Дастан Бекешев.

Аида Исмаилова айтылган сындарга макул болгон жок. Ал өзүн мыкты иштеп, колунан келгендин баарын жасадым деп эсептейт, ал эми саламаттыкты сактоо тутуму көптөн бери кризиске учурап келген жана депутат болуп турганда, ал өз сөзүндө бир нече жолу белгилеген. “Мен вице-премьер-министр болуп турганда, кырдаалды ичтен көрдүм” – деп жооп кайтарды Аида Исмаилова.

Айсулуу Мамашова эмне үчүн бардык дарыгерлер компенсация алышкан жок деп сурады. Аида Исмаилова сентябрь айындагы төлөмдөр кызыл зонада иштеген дарыгерлерге төлөнүп берилгендигин белгиледи. «Вирус жуккан дарыгерлерге келсек, комиссия иштеп жатат. Азыр 2 миңге жакын арыз каралууда. Бирок бардык эле дарыгерлер документтердин толук пакетин беришпей жатат, ошондуктан кечигип жатышат”, – деп кошумчалады Аида Исмаилова.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: