ИИМдин патрулдук кызматына кызматкерлерди кабыл алууда акчалай сыйлык алган деген шек менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Нур Сатыбалдиев кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, кечээ күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен бирге ыкчам иштер жүргүзүлгөн.
“Кармалган чиновник ИИМдин патрулдук кызматына орношууну каалаган талапкерлерден жана учурдагы кызматкерлерди кызматтан жогорулатуу үчүн системалу түрдө акча алгандыгы аныкталды”, – деп айтылат билдирүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ