Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары Аида Исмаилованын вице-премьер-министр кезиндеги ишин сынга алышты.
Алгач төраганын орун басары Мирлан Бакиров вице-премьер-министр болуп туруп, өз ишин начар аткарып жаткандыктан, анын талапкерлигин колдобой тургандыгын белгиледи.
Андан кийин төрага Канат Исаев сөз сүйлөдү. Анын айтымында, социалдык блокту Аида Исмаилова көзөмөлдөгөн өкмөттүн начар иштегендигинен улам, коронавирус башталганда көптөгөн адамдар каза болушкан. Ошондой эле, маркумдардын көпчүлүгүндө вирус бар болсо дагы, башка диагноз менен көмүлгөн деген далилдер бар экенин белгиледи.
“Мен депутаттардын суроолоруна берген жоопторуңузду угуп жатам, бирок сиз алардын эч бирине түз жооп берген жоксуз, сиздин сөзүңүз жасайбыз жана аткарабыз. Бирок, кечиресиз, сизге министр болуу үчүн эрте экен” – деди Исаев.
Депутат Улукбек Ормонов Исмаилованын тарабында болду, ал өкмөттүн бардык мүчөлөрү күнөөлүү экендигин билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн парламент Аида Исмаилованын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин кызмат ордуна талапкерлигин карап жатышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ