Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңеш вице-премьер-министр кызматына Элвира Сурабалдиеванын талапкерлиги үчүн добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарууну сунуш кылууда.
Жыйындын алдында депутаттар добуш берип, бардыгы Сурабалдиеванын талапкерлигин колдошту.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин кызмат ордуна Аида Исмаилованын талапкерлиги каралгандан кийин, бир катар депутаттар Сурабалдиевага каршы добуш бере тургандыктарын билдиришти.
Депутат Бактыбек Турусбеков кайрадан добуш берүүнү сунуштады, Саматбек Ибраев аны менен макул болду, ал добуш берүү жашыруун болушу керек деди. Мындай сунушка депутат Жанар Акаев каршы чыкты.
Төрага Канатбек Исаев Элвира Сурабалдиева боюнча ЖКнын чечимине кол коюлуп, өкмөткө жөнөтүлгөнүн айтты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ