Бүгүн, 28-октябрда депутаттар Канат Исаевди төрагалыктан кетирүү үчүн кол топтой баштады деген маалымат чыккан. Бул маалымат боюнча төрага Канат Исаев журналисттерге жооп берди.
“Мунун бардыгы ушак-айыңдардын деңгээлинде, мага эч ким депутаттардын кол тамгалары коюлган документ берген жок”, – деди төрага Канат Исаев.
Ал белгилегендей, бул маселени чечүүгө депутаттарга гана ыйгарым укук берилген, бирок бул үчүн 80ден ашык кол топтоо керек.
Президенттик шайлоого катышасызбы деген суроого Исаев “убакыт көрсөтөт” деп жооп берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ