Menu

Штаб Трампа сообщил о хакерской атаке на сайт предвыборной кампании

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-октябрда бир нече партиялар “Үмүт” бириккен саясий кыймылын түзгөндүгүн жарыялашты. Бул тууралуу саясий уюмдардын өкүлдөрү маалымат жыйынында билдиришти.

Алар Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоо күнүн жылдыруу боюнча шашылыш чечимдерине нааразы болуп, бул чечимди мыйзамсыз деп эсептешти. “Мекен Ынтымагы” партиясынын лидери Темирбек Асанбековдун айтымында, кайра куруунун оор саясий процесси жүрүп жаткандыгын эске алып, партиялар жаңы “Үмүт Кыймылын” түзүүнү чечишти. Бул партиялар 20-декабрдагы шайлоону өткөрүү керек деп эсептешет. Аларды бийликти узурпациялоо тенденциясы жана бийлик креслолорду бөлүштүрүү менен гана алек болуп жаткандыгы тынчсыздандырат.

“Бийликти узурпациялоо аракеттери болуп жатат. Жаштар 4-октябрда митингге чыгып, таза шайлоо өткөрүүнү талап кылышты, бирок, тилекке каршы, айрым саясатчылар өзүлөрүнүн ресурстарын колдонуп, азыр бийликти басып алууга аракет кылып жатышат”, – деди “Мекен Ынтымагы” партиясынын лидери Темирбек Асанбеков.

Ал белгилегендей, эгер бийлик алардын талаптарын эске албаса, анда элдин нааразычылыгы күчөйт.

Белгилей кетсек, жаңы түзүлгөн “Үмүт Кыймылына”  бир нече партия кирген. Алар:

“Мекен Ынтымагы” партиясы;

“Калыс” кыймылы;

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы;

“Реформа” партиясы;

“Социал-демократтар” партиясы;

“Замандаш” партиясы;

Жаштар тобунун жетекчиси Чыңгыз Макешов жана 4-октябрдагы шайлоого катышпаган дагы бир нече партиялар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: