Белгисиз хакерлер АКШ президентинин шайлоо штабынын сайтына чабуул жасашты. Бул тууралуу Дональд Трамптын кампаниясынын өкүлү билдирди.
Earlier this evening, the Trump campaign website was defaced and we are working with law enforcement authorities to investigate the source of the attack. There was no exposure to sensitive data because none of it is actually stored on the site. The website has been restored.
— Tim Murtaugh (@TimMurtaugh) October 28, 2020
Хакерлер шайлоо компаниясынын барактарын башкарууга мүмкүнчүлүк алышкан. Жыйынтыгында Трамптын сайтына киргендер чабуул болгонун көрүшкөн.
“Дүйнө күн сайын президент Дональд Трамп тараткан жалган маалыматтардан тажады. Дүйнөнүн чындыкты билишине жол ачууга убакыт келди”, – деп жазышкан хакерлер.
Штабдын маалыматына караганда, алар кандайдыр бир жашыруун маалыматка ээ болушкан жок, серверде андай маалымат сакталган эмес.
Кийинчерээк сайт калыбына келтирилди. Иликтөө жүрүүдө.
Соңку мезгилде АКШда президенттик шайлоонун алдында америкалык мекемелерге киберчабуулдар болууда. Күн мурун Федералдык иликтөө бюросу мындай чабуулдардын бирине орус бийлиги колдоо көрсөткөн хакерлер аралашканын маалымдаган. Москва айыптоолорду четке каккан.
АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өтөт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ