Menu

Францияда Тоолуу Карабах үчүн түрктөр менен армяндар мушташты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-октябрь күнү эрте менен армян коомчулугу Франциянын түштүк-чыгыш тарабындагы А7 автожолун Тоолуу Карабакты таануу талабы менен жол кыймылын жаап салышты, акция учурунда түрк диаспорасынын өкүлдөрү армяндарга кол салышты. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.

Белгиленгендей, Ревантен – Вогри жолунун эки тарабында тең жол кыймылы токтотулган. Ал жерде көптөгөн чакырымдык тыгындар болгон.

Демонстрацияны армян коомчулугу уюштурган: бир нече ондогон унаалар Армениянын желектери менен адамдарды алып келишкен. Катышуучулар эл аралык коомчулуктан Тоолуу Карабакты таанууну талап кылышкан.

Кийинчерээк окуя болгон жерге түрк диаспорасынын өкүлдөрү келишкен, андан кийин тараптар ортосунда катуу кагылышуулар болуп, жабыркагандар да болду.

Тоолуу Карабахтагы согуш 27-сентябрда башталган. Армения жана Азербайжан бири-бирин согуш аракеттерин баштады деп айыпташууда.

Россия, АКШ жана Франциянын лидерлери каршылаш тараптарды кагылышууларды токтотууга чакырып, натыйжада Ереван менен Баку Карабахта ок атышууну 10-октябрда түштөн кийин токтотууга макул болушкан. Бирок, ошол эле күнү тараптар келишимди бузду деп бири-бирин айыптай башташты. Экинчи жолу 18-октябрга караган түнү ушундай жыйынтык менен элдешүүгө жетишүүгө аракет жасалды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: