Menu

Балбак Түлөбаевге кылмыш иши козголгон

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп турган кезде ага карата үй куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
Иштин материалдарында, КР президентинин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Балбак Түлөбаев, анын башчысы Курманбек Темирбаев менен алдын ала макулдашып, Токтоналиев к. 96 дарегиндеги жер тилкесин алып, аны жеке компанияга көп кабаттуу үй куруу үчүн беш батирди алуу шарты менен өткөрүп беришкен, ал батирлер курулуш аяктагандан кийин ар кандай кызмат адамдарына өткөрүлүп берилгени айтылат. 2013-жылы бул иш Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан каралып, аны коррупция, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу деп бааланган.
Бул боюнча комментарий сурап чалган журналисттерге Түлөбаев сот процесси Жогорку сотко жеткенин, ага айып пул салынганын, андан кийин мунапыска туш болгонун түшүндүрдү.
“Менде соттуулук жок, эч кандай кылмыш жасаган эмесмин. Бул саясий маселе болчу. Убакыт келет, мен айтам. Аны мен азыр айта албайм, анткени ал адамдар, саясатчылар жана судья бар, тирүү. Мен азыр мамлекеттик кызматтамын, кеткенден кийин жеке өзүм айтам. Мен муну ким жасап жатканын билем” – деди Түлөбаев.
Түлөбаевдин айтымында, ал жаңы кызматта үч ай гана иштейт жана атаандаштарына жооп берип, интригаларга катышкысы келбейт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: