Ошто кош бойлуу аялды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген адам күнөөсүн мойнуна алды. Бул тууралуу журналисттерге Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал адам убактылуу кармоочу жайга киргизилгени такталды.
Кылмышка шектүү аялын жана кайненесин сабагандыгын билдирген. Аялы алган жаракатынан улам 27-октябрда көз жумган. Анын айтымында, аялы менен кайненеси аны дайыма кордоп турушкан. Каргашалуу күнү ал спирт ичимдигин ичип алып, үйүнө келген. Кайненеси жана жубайы аны кайрадан тилдеп башташкан, андан кийин ал аялдарды муштуму менен урган.
Эске салсак, Ошто эркек киши кош бойлуу аялын жана кайненесин сабап өлтүргөн. Аялдар алган жаракаттарынан улам каза болушкан. Ал Бишкек шаарында кармалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ