Menu

Клара Сооронкулова: “Учурдагы бийликтегилердин башында хаос болуп жатат”

Бөлүшүү:

“Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова Конституциялык палатага кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-октябрда журналисттерге билдирди.

Маалыматка ылайык, кайрылууда Жогорку Кеңештин  регламентинин 10-беренесинин 8-пунктуна көңүл бурбагандыгын көрсөтүлүп, ал Конституциялык палатага кечээ күнү жөнөтүлгөн.
“Жол-жобого ылайык, ал үч судьядан турган коллегияга өткөрүлүп берилиши керек, ал 30 күндүн ичинде аны карап чыгуу керекпи же жокпу деген чечим чыгарат. Иш жүзүндө, алар ыңгайсыз арызды карабай коюшу мүмкүн. Ал жерде баары кандай иштээрин билгендиктен, палатадан үмүтүм аз” – дейт ал.
Мындан тышкары, ал азыркы бийлик башындагылардын башында хаос болуп жатканын кошумчалады.
“Алардын иш-аракеттери таптакыр күтүүсүз жана башаламан болгондуктан, эртең эмне болоорун билбейбиз. Биз эл аралык изоляцияга кабылышыбыз мүмкүн. Парламенттик шайлоону өз убагында өткөрүү маанилүү” – дейт Сооронкулова.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: