Menu

Балбак Түлөбаев: “Бишкек шаарынын мэр кызматына барбайм, мен убактылуумун”

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Балбак Түлөбаев кайрадан Бишкек шаарынын мэри болууга ниети жок экендигин айтып чыкты. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-октябрда “Кабарларга” берген маегинде билдирди.

«Садыр Нургожоевич кичинекей мекенине барганда, мен ага жардам берүү боюнча сүйлөшүүлөр болгон. Бишкекке келгенде ал мени чакырып, Бишкекти ар кандай топторго бөлүүгө болбойт деди. Ал жерде жакшы топтор бар, бирок башка тополоң чыгаргысы келгендер дагы бар. Садыр Жапаров мага айтты: “Сен 3 ай иштешиң керек, жаңы мэр шайланат, ошондо мен өзүм чечим кабыл алам деди. Мен макул болдум », – деп билдирди Түлөбаев.

Балбак Түлөбаев мэрлик кызматка 3-4 ай гана келгенин белгиледи. «Мен мэр кызматына барбайм, мен убактылуумун. Жаңы шаардык кеңеш келип, жаңы мэрди шайлайт», – деп кошумчалады мэрдин милдетин убактылуу аткаруучу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: