Бүгүн, 29-октябрда Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашынан улам көйгөйлөр жаралды. Бул маалыматты оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев тастыктады.
Анын айтымында, 93 адам медициналык мекемеде концентраторлордо кычкылтек терапиясын алышат. Электр жарыгы өчкөндө кыйынчылыктар жаралды.
“Ооруканада бар генераторлор бир гана дарылоочу бөлмөлөрдү жана башка бөлмөлөрдү камсыз кылышат. Ошондой эле 93 концентраторлор бардыгына туруштук бере алышпайт”, – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ